Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Дүйшөбаев Кеңешбек Асанбекович Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Кеңешбек Дүйшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп ушул жылдын 15-октябрында экс-президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан дайындалган. Ага чейин аталган кызматты Дамир Сагынбаев жетектеп келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн