Улам бийлик алмашкан сайын Конституцияны оңдоп жаза берүү - биздин сүйүктүү ишибизге айланып калды. Жаңы бийлик келген сайын «Көрсө биздин өнүкпөй жатканыбызга Конституция жол бербей жатыптыр» деген ойду таңуулагысы келет. Анан анын ар кандай себептерин эксперттердин ооздору менен айта башташат. Ансыз да жашоосу жакшы болбой, эртеңки күндүн шооласын көрө албай жаткан кыргызстандыктар «Чын эле Конституцияны өзгөртсөк башкача жашап калабыз го» деген үмүттү артынышат.
Ошондой үмүттүн оту эчен жолу жанып, эчен жолу өчтү. Көз карандысыздыкты алган 29 жылдан бери Конституция он чакты жолу өзгөрдү. Кайра жазылды. Президенттик башкаруу, президенттик-парламенттик башкаруу, парламенттик башкаруу системаларына өтүп көрдүк. Ачыгын айтыш керек, бул башкаруу системаларынын баарында тең эле өлкөнү президент башкарып келди. Экономика кандай өлөсөлүү болсо, ошол эле калыбынан өзгөрбөдү. Жаңы ишканалар, заводдор, фабрикалар курулбады. Бирок, өлкөнүн тышкы карызы улам көбөйүп жүрүп отурду. Жалпы Кыргызстан боюнча 500дүн тегерегиндеги адам олигархтарга айланды. Алардын 90%ы саясатта жүрөт. Ал эми карапайым элдин жашоосу өп-чап боюнча.
Күндөр өтүп, жылдар жылып отуруп элде суроо пайда болду: «Эмне үчүн мамлекет өзү өнүкпөйт дагы, мамлекетти башкарып тургандар, депутат, министрлер гана байый берет?». Канчалык жаап-жашырылбасын бизде мамлекеттик жогорку кызматтарга мамлекетти өнүктүрүү, элдин жашоосун оңдоо, өлкө экономикасын көтөрүү үчүн баруу эмес, жеке жашоосун оңдоо, жеке кызыкчылык мүдөөлөрүн ишке ашыруу үчүн гана барып келишкени жана азыр деле ошол көрүнүш болуп жатканы ачык көрүнүп калды. Эл да муну түшүндү. Ошондон улам эми мамлекеттин эсебинен байып алгандар да кысынып жашоого өттү. Топтогон байлыктарын өлкөдөн чыгарып кетүү, чет мамлекеттерден мүлк сатып алуу, бизнес ачуу сыяктуу аракеттерди жасап жаткандар бар. Анын баары Кыргызстандын, кыргыз элинин байлыктары болгону белгилүү.
Мындай көрүнүш – президенттик башкарууда да, президенттик-парламенттикте да, парламенттик башкарууда да болду. Демек, башкаруунун кандай формасы болбосун, саясий элита оңолмоюн өнүгүү деген нерсе эч качан болбойт. Кандай башкаруу формасы болсо да, ал Башмыйзамда жазылгандай так жана ачык ишке ашса, анда эмдигиче Кыргызстан жок дегенде өнүгүү жолуна түшүп калган өлкөгө айланмак.
Азыркы иштеп Конституция боюнча биз – парламенттик өлкөдө жашайбыз. Бирок, практика жүзүндө эч кандай парламенттик өлкө болгон жокпуз. Себеби, Жогорку Кеңешке келген депутаттардын деңгээли талапка ылайык болбоду. Алар Конституцияда жазылып турган ыйгарым укуктарын толук кандуу пайдалана алышпады. Көнгөн адаттары менен эле президенттин оозун карап туруудан чыга алышкан жок. Жаңы сунушталып жаткан Конституциянын долбоорунда жазылгандарга анализ жүргүзө турган болсок, ошол ансыз да президенттин оозун карап турган парламенттин мындай көрүнүшүн биротоло мыйзамдаштырып салуу аракети бар.
Мындан улам саясий элитага сунуш бар – балким учурдагы Конституцияны өзгөртпөстөн, оңдобостон эле, андагы жазылган нормаларды толук кандуу так аткаруу керек болуп жүрбөсүн? Президент өзүнө, парламент өзүнө, өкмөт өзүнө тиешелүү ыйгарым укуктарын нормадан чыкпай аткарып көрсө кандай болот? Башмыйзамды өзгөртө бергенден көрө, саясий элитанын деңгээлин өзгөртүп көрбөйлүбү? Коррупцияга батып, камакка алынгандардын баарын эле бир нече жыл, же бир нече айдан кийин кайра баатырга айлантып чыгара бергенди токтоторбуз. Болбосо, «Мен түрмөдө отурганда…» деп сүйлөө саясий рейтинги көтөрүү аракетине окшошуп калбадыбы? Мындай түшүнүктөрүбүздү өзгөртмөйүнчө, Конституцияны күнүнө өзгөртсөк да эч кандай өнүгүү болбой турганы түшүнүктүү болуп турбайбы.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн