Бугу 02, 2024
Убакыт: 07:16
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Кеп конституциялык реформадабы же бийликте отурган адамдабы?

10.11.2020 11:47
564
Кеп конституциялык реформадабы же бийликте отурган адамдабы?


«Оро албаган орок тандайт» болуп жатканыбызга өтө көп болду. Тушалган аттай болуп, ордубуздан жыла албай жатканыбызды, очорулуп отурганыбызды дайыма эле Конституциядан көрө бере турган болдук. Алтургай коррупция менен күрөшүш үчүн да Конституция «тоскоолдук» жаратып жатканын бүгүнкү бийликтен билдик. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров башында турган бийлик конституциялык реформа жасап, президенттик башкарууга кайтып барышыбыз керек экенин билдирип келет. 


Кыргызстан мындай башкарууну башынан өткөргөн жок беле? Биз президенттик башкарууну да, президенттик-парламенттик башкарууну да баштан өткөрдүк. 2010-жылдан кийин толук түрдө парламенттик башкарууга өттүк деп келебиз. Бирок, эч нерсе өзгөргөн жок. Мурдагыдай эле өлкө экономикасы оор абалда, мурдагыдай эле бийлик талаш күчүндө, коррупция жоюлмак турсун, улам жаңы тепкичке көтөрүлүп жатат. 


Демек, биз эми оор абалда турганыбыздын себебин Конституциядан издөөнү токтотушубуз керек. Акаевдин убагында да Башмыйзамга бир нече жолу өзгөртүүлөр киргизилди. Ошол өзгөртүүлөр кирсе эле өлкө өнүгө тургандай күпүлдөп жаттык. Бакиевдин убагында да конституциялык реформа жасалды. 2010-жылы жаңы Конституция кабыл алдык. Көп өтпөй эле Атамбаевдин бийлиги ага өзгөртүү жасады. Эми Садыр Жапаровдун бийлиги конституциялык реформа жасоону пландап турат. Кайрадан президенттик башкарууга кайтып барсак, чындап эле өнүгөбүзбү?


29 жыл – тажрыйба алууга, сабак алууга толук жетиштүү убакыт. Конституциянын узун-туурасын чое бергенден эч нерсе өзгөрбөй турганын түшүнүүгө убакыт келди. Жакшы мыйзам жазылып турса да иштебегенинен көрө, жаман мыйзам менен жакшы иштесе боло турганын көрсөтүү маанилүү. Коррупцияны жоюуга Конституциянын эч кандай тиешеси жок. Болгону бийликтин башында турган биринчи адамдын бекем саясий эрки жана тазалыгы керек. Анан албетте алысты көрө алган акылмандыгы, билими маанилүү. Улам мамлекеттин бюджетинен акча коротуп (миллиондогон каражат), Конституцияны өзгөртө бергенден пайда жок. Болсо ушуга чейин болмок. Эгерде бийлик коррупциялашкан олигархтарга жана криминалдарга көз каранды болуп калган болсо, ага конституциялык реформа кандай жардам бериши мүмкүн?


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Конституцияга шылтоо -колунан келбейт дегендик.Елге жагыш учун шайлоого чейин тонна убада беруудо.Ишенич жок азыркыга.