Баш оона 21, 2025
Убакыт: 23:34
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Кербен-Сары-Челек жолун асфальттоо иштери башталды

08.06.2022 17:34
921
Кербен-Сары-Челек жолун асфальттоо иштери башталды

Аксы районунда Кербен–Кара-Жыгач–Сары-Челек унаа жолун асфальттоо иштери башталды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдирди.


Маалыматта айтылгандай, №12 жол тейлөө мекемесинин билдирүүсүнө караганда, бүгүнкү күндө Кербен–Кара-Жыгач багытындагы авто жолдун эскилиги жетип, утурумдук жамоого болбой калган 1 км жолду толук жаңыдан асфальттоо жумуштары башталды, ал эми калган жолдорду утурумдук жамоо иштери дагы улантылууда.


"Быйылкы жылы район аймагында 30 кмден ашык жолго жаңыдан асфальт басылат, эртеңден баштап Кербен–Үч-Коргон ГЭСи унаа жолуна дагы утурумдук жамоо иштери, ал эми жакынкы күндѳрү асфальттоо жумуштары башталат", - деп маалымдайт райондук администрация.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн