Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 10:50
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кербен шаары таза суу менен камсыз болот

22.01.2020 15:56
889
Кербен шаары таза суу менен камсыз болот


Бишкеке, /Медаи Центр/. Президент Сооронбай Жээнбеков “Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул  мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 26-декабрында кабыл алынган.

Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Европа бирлиги тарабынан Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фонддун (IFCA) эсебинен берилүүдө.

Долбоордун жалпы суммасы 6,5 млн. еврону түзөт, анын ичинде:

— Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредити — 2,5 млн евро;

— Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фонддун (IFCA) каражаттарынан Европа бирлигинин гранты — 3,0 млн евро;

— Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын гранты — 1,0 млн евро (техникалык кызматташтыктын каражаттары).

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредит берүүсүнүн финансылык шарттары: кредит 15 жылдык мөөнөткө, анын ичинде 3 жылдык жеңилдетилген мөөнөтү жана Euribor +1,0% пайыздык ставкасы (өзгөрүлүп туруучу пайыздык ставка) менен берилет. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү — 3 жыл.

Белгилей кетсек Өкмөт тарабынан кош каржылоо каралган эмес жана бул долбоорду ишке ашырууга бюджеттен финансы каражатын бөлүү талап кылынбайт.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн