Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 11:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кербен шаарында чатыры күйгөн оорукананы калыбына келтирүүгө 6 млн сом бөлүндү

14.03.2023 12:02
228
Кербен шаарында чатыры күйгөн оорукананы калыбына келтирүүгө 6 млн сом бөлүндү

2023-жылдын 13-14-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков, Жалал-Абад облусунун саламаттыкты сактоо координатору жана Жалал-Абад облусунун ММК фондунун аймактык башкармалыгынын жетекчиси Аксы Жалпы дарыгерлик практика борборунун өрт чыккан корпусуна барып, өрттөнгөн имараттын абалы жана башка бөлүмдөрдүн иши менен таанышышты.


Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүү учурунда министр оорукананын кызматкерлери, бейтаптар жана төрөт учурундагы аялдар менен баарлашты.


  Аксы ЖДПБнын директору Медербек Осмоновдун айтымында, чатыры толугу менен күйүп кеткен, өрт имараттын ичине жеткен эмес, бүгүнкү күндө имараттын ичин тазалоо иштери жүрүп, жабдыктар орнотулууда. Өрттөн келтирилген зыян эсептелүүдө. Ошондой эле, Жалал-Абад облустук ММК фондунун аймактык башкармалыгынын башчысы Акмат Самарбеков 2023-жылга оңдоо иштерине 17 млн ​​сом бөлүү пландалып, анын 6 млн сому имараттын чатырын тез арада жабууга бөлүнгөндүгүн билдирди.


       Аксы ЖДПБга болгон иш сапарынын жыйынтыгында КР саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова облустун саламаттыкты сактоо уюмдарында өрт коопсуздугун көзөмөлдөөнү күчөтүүнү тапшырды. «Кудайга шүгүр, кечээ бейтаптар өз убагында эвакуацияланды, жабыркагандар жок. Реанимациялык жана башка жабдыктарды алып чыгууга жетиштик», - деди министр. 


Облустук координаторго, ММК фондунун аймактык башкармалыгынын башчысына жана Аксы ЖДПБнын директоруна тез аранын ичинде имараттын чатырын жабуу, бейтаптарды медициналык тейлөөнүн сапатын көзөмөлдөө, бардык керектүү дары-дармектер менен камсыз кылуу боюнча зарыл иштерди баштоону тапшырды. Мындан тышкары, министр оңдоо иштерин жеке көзөмөлгө алып, бардык жардамдарды көрсөтүүнү убадалаган райондун акими Замирбек Сыдыковго чоң ыраазычылыгын билдирди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн