Бугу 15, 2024
Убакыт: 06:28
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кербенде “Кан басымыңызды билип алыңыз!” акциясы өтүүдө

24.09.2020 09:50
1131
Кербенде “Кан басымыңызды билип алыңыз!” акциясы өтүүдө

Аксы районуна караштуу Кербен шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун ден соолукту чыңдоо кабинетинин өкүлдөрү Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата “Кан басымыңызды билип алыңыз!” акциясын өткөрүп жатышат. Бул тууралуу райондук ден соолукту чыңдоо кабинетинин башчысы, дарыгер Айнура Наркулова билдирди.

Ал баштаган адистердин тобу иш-чаранын алкагында жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу боюнча окутууларды өткөрүп, жергиликтүү тургундардын кан басымын текшерип, маалымат баракчаларын таратышты.

Биз мамлекеттик мекемелердеги кызматкерлердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн жана соода-сатык менен алектенген жарандардын кан басымын текшерип чыктык. Өнөкөт жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылган бейтаптар аныкталган жок. Бирок 50 кишинин ичинен 2-3 адамдын кан басымы жогору болгону аныкталды”, - деди Айнура Наркулова. 

Белгилей кетсек, жыл сайын 29-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү белгиленет. Ага байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигинин ден соолукту чыңдоо борборунун адистери тарабынан республика боюнча “Кан басымыңызды билип алыңыз!” акциясы өткөрүлүп турат.


Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Келсинайым
Кайсы жерде текшердинер? Кантип эле ошончо кишиден 1, 2 эле кишинин кан басымы бийик экен? Эмне учун айыл тармактарга айтылбайт мындай акциялар? АКЦИЯ кербен аймагына гана тийиштуубу? Мен атаман сурадым, текшерип, бироо келдиби же текшерууго чакырдыбы силерди десем, жоок ай дейт. Эмне учун....?