Түркиянын Хатай провинциясында 10 күндүк бөбөк уранды астынан аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу "ТРТ Хабер" жазды.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар уранды астынан 10 күндүк Йагыз аттуу бөбөктү апасы менен бирге жер титирөөдөн 90 сааттан кийин куткарып алышты.
Эскерте кетсек, очогу Түркиянын Кахраманмараш провинциясында болгон жер титирөөнүн курмандыктары бүгүнкү күнгө карата 17 миңден ашты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн