Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 12:56
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Керим Айдаров: Манас - бүтүндөй адамзаттын жашоо эрежеси...

10.05.2022 11:55
3934
Керим Айдаров: Манас - бүтүндөй адамзаттын жашоо эрежеси...

Манас- бул жашоо образы. Дүйнөдө жок, кыргызга гана таандык, бирок бүтүндөй адамзаттын жашоо эрежеси...


  Манастын бала чагы, 40 чоронун түзүлүшү, Сыргак менен Чубактын мамилеси, Ажыбайдын Манасты сактап калалбай алдырарда жаздырары, хан Жакыптын баласына, небереси Семетейге жасаган жоругу, акылман Бакай атанын акылы, Чыйырды, Каныкей, Айчүрөк энелерибиздин аялдык асыл сапаттары, кыз Сайкалдын мүнөзү, Алмамбеттин бөтөн элден келиши, Кыяздын кытмыр кылыгы, Абыке, Көбөштүн саткын мамилелери, Семетейдин катып элине келиши д.у.с.ж.б көрүнүштөр бу адамзаттын жашоосунда азыр да кайталанып жашап келет. Айрыкча бизде, кыргыздарда күнү бүгүнкүдөй күчүндө. Демек, "Манас" жашоо образы...

 

Манаста улуу касиет, бийик дөөлөт, терең тарых бар. Дүйнөнүн бардык жеринде, "Манас" аттуу жер, көл ж.б эмнеликтен ыйык, бийик экенин билесизби?.. Кытайлар бүгүн да бекеринен Манасты өзүнө тартып алууга ар түрдүү аракеттерди жасап, бурмалап жатпагандыр. Араптар Манасты молдо кылалбай убара. Казактар, Манас биздики болсо гана - дешет. Керек болсо бүт дүйнө кызыгышат. А бизчи? Биз бүгүн Абыке, Көбөш болдук, Улуу мурасыбызды аздектей албай. Манастын жерин, Манастын элин барктай албай, накта кыргыз наркын сактай албай, ким акча берсе сатып ийгенге даяр манкурт болдук...

 

 Манас кылымдар бою сакталып келген. Бүгүн да, келечекте дагы Манас, Манас бойдон жашай берет. Улам жаңы ачылыштары менен кайталана берет! Кайрылып келе берет!...

 

Баса, манасчы Дөөлөт Сыдыковдун айланасындагы болгон чыр-мамиле да жөн жеринен болбогондур. "Манас айылынын" жери сакталып, керек болсо жаңыртылып жаңы имараттар курулмай болду. Ошол жерди өз пайдасына колдонобуз дегендердин ниетин таш капты.  "Манас" кепке кошулду, сөзгө салынды, эске алынды...

 Манас,  Манас,  Манас...


Керим Айдаров, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн