Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 02:40
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Керим Бээрманов: “Сөөктөрү бычырап, эттери үзүлүп кеткен бейтаптарды калыбына келтиребиз”

13.07.2021 16:51
1097
Керим Бээрманов: “Сөөктөрү бычырап, эттери үзүлүп кеткен бейтаптарды калыбына келтиребиз”


Улуттук госпиталдын пластикалык реконструктивдик микрохирургия жана манжа хирургия бөлүмүнүн башчысы, медицина илиминин кандидаты Керим Бээрманов мырза менен чакан маек. 


Бөлүмдөгү бейтаптардын басымдуусу билегинен ылдый манжа бөлүктөрүнөн жабыркагандар. Анткен менен эт туурагычка колу кирип кетип, ага  уникалдуу операция кылынып, азыркы учурда баардык манжалары калыбына келип иштеп калган.


- Керим мырза, микрохирургия десе эле көзгө илешпеген, атайын микроскоп менен иштей турган нерсени элестетебиз, ушундайбы?


- Ооба, жабыркаган дененин кан тамырларын, нервди, анатомиялык түзүлүштөрүн калыбына келтирүү менен бирге бейтап тирүү калып атат. Өзүңүз деле байкагандырсыз, кичинекей кыздын колу эт туурагычка билегине чейин кирип кетип, бизге кызды ошо эт туурагычы менен апкелген. Манжалардын баары фарш болуп калган. Эт туурагычты ачып, акырын чыгарып алдык. Операция беш саатка чейин созулду. Кыркылып кеткен манжаларын, анын көзгө илешпеген бөлүкчөлөрүн, нерв, кан тамыр, тарамыш, булчуңдарын, иши кылса баарын бири-бирине өзүндөй кылып жалгаштырып чыктык. Операция кылгандан кийин бир жумага жетпей манжаларына жан кирип, кан чуркап, акырындап калыбына келе баштады. Үч жумага жетпей ооруканадан сакайып чыгып кетти. 


- Сиздерге учурда кайсы жаракаттары боюнча көп кайрылып атышат? 


- Биздин бөлүм чоңдорго деп эсептелген. Азыр пандемия болуп, Жал кичирайонунда жайгашкан балдар ооруканасы жабылып, манжа жаракаттарын бизге жиберип жатышат. Бүткүл республика боюнча биз эле калдык. Бир жарым жаштан баштап улан-кыздарга чейин түшүп атышат. Балдардын жаракаты көбөйдү. Мектептер каникулда, бала бакчалар жабылган. Ата-энелери сотка менен алек. Кичинекей балдар көчөгө чыгып, же селкинчектен кулайт, токко урунат, болгаркага колун алдырып же жол кырсыгына кабылат. 


- Буга чейин көп сандаган операцияларды жасагандырсыз. Кайсынысы эсиңизде калды?


- Биздин микрохирургия бөлүмү 1985-жылы ачылган. Башында эң оор делген операциялар 13-15 саатка чейин созулчу. Азыр болсо эң узагы 5 саатка чейин эле барат. Ошо өткөн кылымдын 90-жылдардын башында бир операцияны эки же үч бригада алмашып, мындайча айтканда, бир бейтапты 15ке жакын хирург кезектешип жасаган учурлар болду. Анын баары эсимден кетпейт.


- Өз максатына жетпей калган операциялар болду беле?


- Жакында эле болду. Травматология бөлүмүнө бир бейтап түшөт. Алар өздөрүнө тийешелүү операцияны кылып, аппарат коюшуптур. Сөөктөрү бычырап кетиптир. Сырткы териси менен эти жок. Биз ошону терисин этине, этин терисине жалгайлы дегенбиз. Кан тамырын кошолу, нервин калыбына келтирели деген менен курчалган темирлер (аппарат) тоскоолдук жаратып туруп алды. Аппаратты алгандан кийин бул ишке кайрадан киришебиз. Азырынча токтоп турат. 


- Бир эле учурда колу жана буту жулунуп кеткендер келгенби?


- Жол кырсыгына кабылып, бир эле адамдын оң колу чыканагынан жана сол бутунун тизесинен ылдый бычыранып кеткен бир бейтап келген. Оң колун эки саат, сол бутун үч саат операция кылдык. Азыр бир аз сылтып басып жүрөт, а колу кадимкидей жарамдуу. Эми андайлар толтура. Мотоциклден жаракат алышат, бийиктиктен кулап кетишет. Курулуш иштеринде бат-бат болуп турат. Ошолордун баарын өз калыбына келтирүү – микрохирургиянын кызматы.    


Булак:  "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн