Бугу 18, 2024
Убакыт: 15:48
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кесиптештеримдин ооруп калганы өкүнүчтүү, - министр Абдикаримов

14.04.2020 11:20
944
Кесиптештеримдин ооруп калганы өкүнүчтүү, - министр Абдикаримов


Учурда кесиптештерим илдетти жуктуруп, ооруп калгандары мен үчүн өкүнүчтүү, деп билдирди саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин биргелешкен комитеттеринин жыйынында.


Министр депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, алгачкы күндөрү коргоонуу кийимдери жетишпегенин моюнуна алды.


Бүгүнкү күндө республикадан атайын комиссия жибердик. Ала-Бука районуна барып келишти. Биз дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун методикасы боюнча абалдын себептерин иликтөөгө алабыз. Кайсы жерде кандай мүчүлүштүктөр кеткени аныкталып ага жараша  бизге сунуш беришет, ошого карап жыйынтык чыгарабыз”, - деди Абдикаримов.   


Ошондой эле, ал өкмөт ооруп калган медицина кызматкерлерине берилүүчү компенсациялардын көлөмүн тактап, атайын жобо иштеп чыкканын, ооруну жуктургандарга 200 миң сом, каза болуп калса 1 млн сом бериле турганын кошумчалады.

Айрым депутаттар дарыгерлерге үстөк пайызы жок ипотекага үй берүү маселесин караштырып чыгууну сунуштады.


 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн