Бүгүн Жогорку Кеңеште "Кесиптик бирликтер тууралуу" мыйзамдын аткарылышын иликтеген депутаттык комиссиянын отуруму өттү.
Комиссиянын төрагасы Таабалды Тиллаев «Кесиптик кошуун бирликтери жөнүндө» КР мыйзамы 1998-жылы кабыл алынганын, андан бери мыйзамга болгону бир ирет гана түзөтүүлөр киргизилгенин, андыктан, мыйзамдын бир топ беренелери эскирип калганын айтты.
Депутат Кожобек Рыспаев аймактардагы Кесиптик кошуун бирликтеринин каржылык ишмердүүлүгү жөнүндө мындай деди: «Аймактардагы Кесиптик кошуун бирликтеринин катардагы кызматкерлеринин эмгек акылары болгону 5 миң сом. Ошол эле маалда кесиптик кошуун бирлик уюмдарынын жетекчилеринин маяналары 60 миң сомдон 159 миң сомго чейин жетет. Мындан сырткары, 244 миң сом өлчөмүндө бир жолку төлөмдөр дагы бар»,- деди.
Ошондой эле “профбосстор” Алмазбек Жакыпов 2014-жылы айына 400 миң сомдон алса, Асылбек Токтогулов айына 159 миң сом, Накен Саалиев 90 миң, Шамил Осмонов 74 миң сом маяна алып турганын айтты депутат Рыспаев.
Жыйын жүрүшүндө аймактардагы Кесиптик кошуун бирликтеринин мүчөлөрү каражаттарды чыгаруу боюнча коррупциялык фактылар жана схемалар, объекттердин мыйзамсыз менчиктештирилиши жана сатылышы белгиленип, «Красная гвоздика», «Байсоорун» балдар лагерлери, «Абшир-Ата» турбазасы, «Саякат» мейманканасы жана башкаларды мисалга тартышты.
Алардын пикиринде, атайын банкроттук абалга жеткирилип, эс алуу үйлөрү, санаторийлер жана туристтик базалар сатылып жатат. «Булар СССРден калган мурас, аларды өздөрүнүн кызыкчылыктарына пайдаланып, туш келди сатууга эч кимдин укугу жок. Бүгүнкү күндө «Жети-Өгүз», «Жалал-Абад» санаторийлери, «Чолпон-Ата», «Кыргызстан» эс алуу үйлөрү өтө аянычтуу абалга кептелген”, -дешти комиссия мүчөлөрү.
«Кесиптик кошуун бирликтери жөнүндө» КР мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия КР Башкы прокуратурасына, Ички иштер министрлигине, УКМК Коррупцияга каршы кызматына, Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматка бир катар тапшырмаларды берди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн