Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 05:53
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кесиптик орто окуу жайларына кабыл алуу быйыл кандай жүргүзүлөт?

09.07.2020 16:48
1765
Кесиптик орто окуу жайларына кабыл алуу быйыл кандай жүргүзүлөт?


Пандемияга байланыштуу быйылкы жылы кесиптик орто окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу да онлайн түрүндө жүрөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Ал үчүн http://www.spuz.edu.gov.kg/ электрондук сайты иштейт.


Сынак орто жалпы билими жөнүндө аттестаттын же негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктүн орточо баллынын суммасы жана конкреттүү адистик үчүн профилдик предметтин баасы боюнча өткөрүлөт.


Эгерде бир орунга бирдей баллга ээ абитуриенттер талапкер болсо, коллежд алар үчүн онлайн режиминде кошумча сынактарды өткөрө алат. Окуу жайга кабыл алынган абитуриенттердин жалпы орто билими жөнүндө аттестаттарынын же жалпы негизги билими жөнүндө күбөлүктөрүнүн түп нускалары окуу жылынын башында кабыл алынат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн