Ысык-Көл облусуна кезектеги 400 дарыгер эс алууга жөнөп кетишти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, алар Баткен, Чүй, Жалал-Абад, Ош, Нарын облустарынын жана Бишкек шаарындагы медициналык мекемелерде пандемия күч алып турган маалында илдеттин очогунда вирус менен күрөш жүргүзгөн дарыгерлер, медайымдар, техникалык эмгек жамааттын өкүлдөрү.
Эс алууга кеткен медицина кызматкерлеринин бул тобу “Алтын Жай” жана “Эне-Сай” пансионаттарында бир апта эс алышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн