Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 23:04
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кичи автобус менен адамдарды атайын тебелеп кеткен айдоочунун өздүгү такталды (видео)

01.10.2020 15:18
2536
Кичи автобус менен адамдарды атайын тебелеп кеткен айдоочунун өздүгү такталды  (видео)


Кичи автобус менен адамдарды атайын тебелеп кеткен айдоочунун өздүгү такталды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.


Маалыматка караганда, окуя 25-сентябрда саат 20:00дөр чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Масалиев көчөсүндө катталган. Анда жашыл түстөгү “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу бир нече адамды сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.


Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 297-беренеси ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") жана 266-беренеси ("ээнбаштык") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


Учурда автоунаанын ээсинин өздүгү такталган, аны кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат. Окуя болгон жерден жараат алган 28 жаштагы М.А. аттуу жаран жергиликтүү аймактык ооруканага түшкөн, тийиштүү экспертизалар дайындалды.



Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Зарема
Акмак малдан айрымасы жок.