Мекке жана Мадина шаарларына барып, кичи ажылык амалдарын аткарууга Сауд Аравиянын өкмөтү уруксат берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Белгилүү болгондой, кичи ажылыкка коронавируска каршы эки ирет вакцина алган учурда же ооруп айыккан болсо гана бара алышат.
"Рамазан айында умрага, Мекке жана Медина шаарларына зыяратка коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын тең алгандар, болбосо биринчи дозасын 14 күн мурун сайдыргандар же COVID менен ооруп айыккандар гана келе алат", — деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн