Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:18
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Кичи автобустун айдоочусу толгоосу башталган аялды ооруканага алып келген. Ал кош бойлуу эмес экени белгилүү болду

08.07.2022 15:37
513
Кичи автобустун айдоочусу толгоосу башталган аялды ооруканага алып келген. Ал кош бойлуу эмес экени белгилүү болду


№214 маршруттук таксинин айдоочусу Азамат Рысалиев толгоосу башталган аялды көп сандаган жүргүнчүсүнө карабай Үсөнбаев көчөсүндөгү №1 төрөт үйүнө жеткирген. Бирок төрөт үйдүн башкы дарыгеринин орун басары Акиян Малдыбаева Kaktus.media'га аял эч кандай кош бойлуу эместигин билдирген.


Анын айтканы боюнча, ал мас абалында болгон жана ичинин ооруганына даттанган.


"№214 маршруттук таксинин айдоочусу бир аялды бизге жеткирип берди. Төрөт үйүнө алып келишти, аны таштап, автобус кайра эле кетти. Биздин алдыбыздагы кызматкерлер ал аял менен маектешти. Ал ичинин ылдый жагы ооруп жатканын айтып даттанган. Аял мас абалында болгон. Аны текшерип, УЗИге алып барышкан. Экспертиза кош бойлуу эмес экенин көрсөттү", - деди дарыгер.


Анын айтымында, дарыгерлер кан басымды, температураны, пульсту өлчөп, аялдын бардык маалыматтарын аныкташкан. "Ал 19 күндн бери ичип жүргөнүн мойнуна алды. Биз ага тез жардам чакырдык. Медициналык топ аялды андан ары дарылоо үчүн алып кетти", - деп жыйынтыктады Малдыбаева.


Белгилей кетсек, Транспорт министрлигине караштуу Жер-суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы бул кичи автобустун айдоочусун Ардак грамота менен сыйлаган.


https://www.super.kg/kabar/news/412531/

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн