Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кычкылтек концентраторлорунун кийинки партиясы өлкө аймактарына бөлүштүрүлөт

12.07.2020 09:07
926
Кычкылтек концентраторлорунун кийинки партиясы өлкө аймактарына бөлүштүрүлөт


Өлкөнүн аймактарында медициналык каражаттар менен дары-дармектердин таңкыстыгы байкалууда тез арада алардын запасын даярдоону күчөтүү зарыл. Мындай тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов тармактык мамлекеттик органдарга Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди.

 

Премьер-министр белгилегендей, республиканын аймактары эпидемиологиялык кырдаалга даяр туруш үчүн бардык тараптан шарттар түзүлүш керек.

 

«Учурда өлкөдө дары-дармектердин таңкыстыгы байкалууда. Буга байланыштуу буга чейин медициналык каражаттардын запасын камсыз кылуу боюнча берилген тапшырманы аткарууну күчөтүү зарыл. Аймактарда дагы дары-дармектердин запасы даяр турсун. Ошол эле учурда медициналык каражаттардын баасынын негизгиз жогорулашын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү шарт. Ооруканалардагы реанимациялык блоктор дагы даярдалсын. КР өкмөтү тарабынан сатылып алынган мобилдик кычкылтек концентраторлорунун кийинки партиясы өлкө аймактарына бөлүштүрүлүп берилет», - деди Кубатбек Боронов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн