Бугу 15, 2024
Убакыт: 02:14
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кикбокс боюнча Азия чемпиону Аброр Хакимовду Ош ШИИБдин жетекчилиги куттуктады

28.12.2022 09:39
317
Кикбокс боюнча Азия чемпиону Аброр Хакимовду Ош ШИИБдин жетекчилиги куттуктады



27-декабрь күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов Таиланд королдугунда болуп өткөн кикбокс боюнча Азия чемпионатында чемпион титулдугуна ээ болуп келген Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн кенже тескөөчүсү Аброр Хакимовду өздүк курамдын алдында куттуктады. Бул тууралуу  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.



  Чемпион-милиционерге сыйлык иретинде картина жана акчалай сыйлык тапшырды. Анын Таиланддан алып келген сыйлыктары өздүк курамга тааныштырылды. Абрордун спортто жетишкен ийгиликтери бардык ички иштер органдарында кызмат өтөгөн кызматкерлер үчүн сыймык экендигин белгилеп өттү. «Абрордун жараткан ийгиликтери бардык милиция кызматкерлери үчүн сыймык. Ар бир милиция кызматкери Абрордой спортко кызыккан кызматкер болууга умтулушу керек. Ушундай милиция кызматкерин тарбиялап өстүргөн анын ата-энесине дагы ыраазычылык билдиремин!»,-деди шаардык милиция башчысы Акылбек Мамасейитов.  

    Маалымат үчүн: Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн кенже тескөөчүсү Аброр Хакимов кикбоксинг боюнча Кыргызстандын бир нече, эл аралык турнирлердин 4 жолку чемпиону. Европанын бир жолку, Азиянын 2 жолку чемпиону. Анапа шаарында өткөн дүйнөлүк чемпионатта коло медалга ээ болгон. 


   2022-жылы Таиланд королдугунда болуп өткөн кикбокс боюнча болуп өткөн Азия чемпионатында чемпион титулдугуна ээ болуп, атайын кур менен кубокко ээ болду.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн