Баш оона 23, 2025
Убакыт: 12:57
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

Кикбоксинг боюнча курама команда Дүйнө чемпионатында 3 медаль жеңди

26.10.2021 14:02
1126
Кикбоксинг боюнча курама команда Дүйнө чемпионатында 3 медаль жеңди


Кикбоксинг боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы 15-24-октябрь күндөрү, Езоло Либо шаарында (Италия) өткөн кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпионатында 1 күмүш 2 коло медаль жеңди. Чемпионатка 50 ашуун мамлекеттин спортчулары катышты.  Бул тууралуу Жаштар, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.


63,5 кг салмак категорияда Фозилжонов Икбол күмүш медалга ээ болуп, дүйнөнүн 8 мыкты кикбоксерчуларынын катарына кирди. Ошондой эле Бирмингем шаарында (АКШ) өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк согуш өнөрү оюндарына лицензия жеңип алды.  


Алексей Федосеев лоу-кик түрү боюнча коло медалга ээ болду. Ал эми 63 кг чейинки салмак категорияда Бегматов Чыңгыз кик-лайт түрү боюнча коло медаль алды. 


Белгилей кетсек, спортчулар Спорттун олимпиялык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлгөн. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн