Тогуздун айы 22, 2024
Убакыт: 12:41
USD
85.35
85.85
EUR
92.00
93.00
RUB
0.878
0.910

Кылычбек Рысалиев Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп дайындалды

15.10.2024 15:04
355
Кылычбек Рысалиев Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп дайындалды


Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси алмашты. Кудрет Тайчабаров кызматтан кетип, анын ордуна Кылычбек Рысалиев дайындалды.

Аталган фондтон билдиришкендей, Кылычбек Рысалиев Президенттин алдындагы Башкаруу академиясын аяктап, башкаруу боюнча магистр даражасына ээ. Ал 2022-жылдан бери Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүү фондунда иштеп, долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы, Фонддун долбоорлорун башкарууну жетектеген, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын башында эки ай бою Фонддун президентинин милдетин аткаруучу болуп иштеген.

Маалымат үчүн: Туризмди өнүктүрүү фонду 2022-жылы ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу, аймактарда туристтерди кабыл алуу үчүн инфраструктураны жакшыртуу жана алыскы аймактарда кошумча жумуш орундарын түзүү максаты менен түзүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн