Ош шаардык спорт комитетинин экс-жетекчиси Кылычбек Саркарбаев Райымбек Матраимовдун колун эмне үчүн өпкөнүн түшүндүрдү.
"Бул адам мени кичинемден тарбиялап, кыйын учурда жардам берген өкүл атам. Мен аны абдан сыйлайм, менден тышкары көп адамдарга жардам берип келет. Өкүл атамдын колун өбүүдөн жат эч нерсе көргөн жокмун. Чымынды пил кылбагылачы”, — деди Саркарбаев.
Эскерте кетсек, кечээ социалдык тармактарда тойдо Райымбек Матраимовдун колун өпкөн Кылычбек Саркарбаевдин видеосу тараган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн