Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин мурдагы жетекчиси Кылычбек Саркарбаев үй камагына чыкты. Бул тууралуу Ош шаардык соту билдирген.
Белгилүү болгондой, Саркарбаев декабрь айынын аягында УКМКнын Оштогу тергөө абагына 16-февралга чейин камалган эле. Ош шаардык соту чечимди бүгүн, 16-январда кабыл алган.
УКМК аны жасалма документ жасоо жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн кылмышын жеңилдетүүгө катыштыштыгы бар деп кармаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн