Бугу 08, 2024
Убакыт: 01:24
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Кылычбек Саркарбаевдин ордуна спорт чебери Бекдөөлөт Абакиров келди

23.12.2020 15:16
745
Кылычбек Саркарбаевдин ордуна спорт чебери Бекдөөлөт Абакиров  келди


Абакиров Бекдөөлөт Абакирович Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка шаардын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койду.


Абакиров бул кызматка кылмыш ишине аралашкан Кылычбек Саркарбаевдин ордуна келди.


Абакиров 29 жашта, буга чейин "Жапалак" унаа базарынын директору болуп иштеген.


Ал профессионал спорт чебери. Күрөш боюнча спорт чебери. Ал өлкөдө жана эл аралык беттештерде катышып келген.


Юстиция министрлигинин маалымат базасында ал "Аттила" спорт клубу коомдук бирикмесинин жетекчиси жана уюштуруучуларынын бири катары көрсөтүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн