Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:48
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кылмыш иши козголду. Сокулукта сугат тармагына бөлүнгөн акчаны кымырып алышкан

23.01.2024 11:24
387
Кылмыш иши козголду. Сокулукта сугат тармагына бөлүнгөн акчаны кымырып алышкан


Сокулукта коррупциялык жол менен сугат тармактарына бөлүнгөн акча каражатын кымырып алган кызмат адамдарына кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан Чүй облустук өнүктүрүү фондунун, Кызыл-Туу жана З.Кайназарова атындагы айыл өкмөттөрүнүн кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иштери козголду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 2022-жылдын 24-августунда жогоруда аталган кызмат адамдары өз кызмат абалынан кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, пайда көрүү максатында жана башка жеке кызыкчылыктарды көздөшүп, “Н.Л”. ЖЧКсы менен “Сугат тармактарын капиталдык оңдоо” жана “Эски темир бетондук лотокторду алмаштыруу” долбоорлорун ишке ашыруу боюнча түзүлгөн келишимдин талаптарын бузушуп, эч кандай жумуштар аткарылбагандыгына карабастан, жасалма акт түзүшүп, “Н.Л” ЖЧКсына 5 млн 773 миң 813 сом акча каражатын которуп жиберишкендиги аныкталды.

Натыйжада, Чүй облусунун өнүктүрүү фондунун, Кызыл-Туу жана З.Кайназарова атындагы айыл өкмөттөрүнүн кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкандыгынан улам, 2022-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин “Н.Л.” ЖЧКсы тарабынан келишимде көрсөтүлгөн жумуштар аткарылбай, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.

Учурда кылмыш иштердин тергөөсү Сокулук райондук милициясына тапшырылып, тергөө амалдары жүргүзүлүү алдында турат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн