Бугу 21, 2024
Убакыт: 00:25
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кылмыш иши козголуп пайдаланылбай турган 15 тез жардам унаасы линияга чыкты (фото)

29.06.2020 15:35
963
Кылмыш иши козголуп пайдаланылбай турган 15 тез жардам унаасы линияга чыкты (фото)


Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борбору 15 тез жардам унаасы менен толукталды. Бул туурасында биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков медициналык тез жардам унааларынын техникалык абалы менен таанышуу учурунда билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алмазбек Баатырбековдун айтымында, түзүлгөн эпидемиологиялык абалга байланыштуу мобилдик бригадалардын жетишсиздиги байкалууда. Интернет тармагында тез жардам бригадасы кеч келип, же таптакыр келбей жаткандыгы тууралуу билдирүүлөр көп болууда. Тез жардам унааларына муктаждыкты жабуу үчүн Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борборунун унааларынын санын көбөйтүү чечими кабыл алынды.

Линияга чыкчу 15 автоунаа 2018-жылдан бери Саламаттык сактоо министрлигинин кызматтык жактарына карата кылмыш иши козголгондугуна, документтердеги көйгөйлөргө байланыштуу пайдаланылбай турган. Реанимациялык унаалардын жетишсиздигин эске алуу менен аларды линияга чыгаруу чечими кабыл алынды. Бул маселе укук коргоо орган өкүлдөрү менен макулдашылды. Бул иш боюнча иликтөө параллелдүү түрдө улантыла бермекчи», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Саламаттык сактоо министирлигинин маалыматы боюнча, унаалар техникалык кароодон өткөрүлүп, пайдаланууга жарактуу катары таанылды. Реанимациялык унааларда жасалма дем алдыруучу жана башка жабдуулар толук жабдылган, бул жеринде медициналык жардам көрсөтүүгө шарт түзөт. 

«Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети мобилдик бригадалар үчүн дагы 5 унаа берди. Жыйынтыгында бүгүнкү күндөн тартып 118 жана 103 кызматтарына кошумча 20 тез жардам бригадасы чыкты. Медициналык персонал түзүлгөн. Бул жагдайды оңдоого көмөк берет деп ишенебиз», - деп жыйынтыктады Алмазбек Баатырбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн