Бугу 03, 2024
Убакыт: 10:00
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кылмыш ишине далил катары алынган баңгизатты милиция кызматкерлери уурдап алган

25.05.2022 18:09
1029
Кылмыш ишине далил катары алынган баңгизатты милиция кызматкерлери уурдап алган

 Башкы прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, милиция кызматкерлери кылмыш ишине карата далил зат катары алынган баңгизатты уурдап алышканы аныкталган.  Бул тууралуу  Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.



Маалыматка ылайык, Жалал-Абад областынын Токтогул РИИБнин айрым кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык абалын кызматтын кызыкчылыгына каршы пайдаланып, кылмыш иши боюнча далил зат катары алынган жалпы салмагы 834 грамм баңгизаттан (каннабис чайыры) 174 граммды уурдап алышкан.


Бул факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренеси (Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн