Тогуздун айы 11, 2025
Убакыт: 06:01
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.095

Кылмышка шектүү жаран Свердлов райондук милициясынын имаратынан качып кетти

25.04.2021 11:11
1088
Кылмышка шектүү жаран Свердлов райондук милициясынын имаратынан качып кетти

Бишкекте кармалган адам Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынан качып кетти. Бул тууралуу укук коргоо кызматкерлери билдиришти.


Алардын айтымында, 24-апрелде уурулукка шектүү Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине жеткирилген жана ал буга чейин каттоодо турган.


Белгилүү болгондой, шектүү райондук ички иштер бөлүмүнүн 3-кабатынын коридорундагы терезеден чыгып, андан кийин короого түшүп, өткөрүү пунктунан чыгып, изин суутуп кеткен.


Учурда "План перехват" планы жарыяланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн