Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 15:18
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кымбат Иманбекова сыяктуу кадрларды кадырлаш керек

30.11.2020 09:24
2185
Кымбат Иманбекова сыяктуу кадрларды кадырлаш керек


Акыркы жылдары Кыргызстанда мамлекеттик мекемелердин кызмат көрсөтүүсү күн өткөн сайын жакшырып баратканын моюнга алышыбыз керек. Жаман дей берген жарабайт. Өлкө санариптештирүүгө багыт алып, мындай жаңычылдыкты катыра пайдаланып, кыныгын алып, элге ак дилден кызмат көрсөткөн жетекчилер аз эмес.


Биз белгилеп коё турган ошондой бир кадр бар. Ал Мамлекеттик каттоо кызматына караган Калкты тейлөө борборунун жетекчиси Иманбекова Кымбат Акимжановна. Кымбат Акимжановна көп жылдан бери ушул тармакта үзүрлүү иштеп, далай адамды документтүү кылып, элге ак дилден кызмат өтөп келет. Учурда Бишкектеги “Аю гранд” соода борборунда жайгашкан борбордо жетекчи катары карапайым калкка ыңгайлуу шарттарды түзүп, жамааты менен ынтымактуу иштеп жатат. Далай жолу бул жайга барганда "директормун" деп кабинетине отуруп албай, элге аралашып, кол астында иштегендерге туура багыт берип жүргөнүн байкайбыз. Коллективи менен да камыр-жумур болуп иштеп, чыныгы жетекчинин үлгүсүн көрсөтүп келгенине көзүбүз жетти. Башкаларга үлгү боло турган, кыргыздан чыккан чыныгы лидер айымдардын сапаттарына ээ, азыркынын Жаңыл Мырзасы Кымбат Акимжанова сыяктуу кымбат кадрларды кадырлаш керек.  

Пикирлер (10)

Коопсуздук коду
Жони
Кымбат эже ишинизге ийгилик! Сиздей мыкты айымдар коп болсун арабызда
Аида
Өзүнүн жумушун мыкты билген профессионалдуу кадр.
Маха
Биз үлгү ала турган эже. Өзү да кымбат, аты да Кымбат! Автор эң туура жазыпсын, созуно 100 % кошулам.
Наргиза
Абдан мыкты айым!
Айаткан Усупова
Кичи пейил,улгу ала турган айым,коомдогу эн таза.инсандардын бири десем жанылышпайм!