Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 12:15
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кымбатчылык. Москвага уча албай жаткан мигранттар

02.03.2021 10:21
1165
Кымбатчылык. Москвага уча албай жаткан мигранттар


Өзү эч нерсе өндүрбөгөн өлкөнүн бар таянганы мигранттардын салган акчасы менен чет мамлекеттерден карызга алган кредиттери болуп каларын Кыргызстан далилдеп келатат. Мигранттардын бардык муктаждыктарын мамлекет камсыздап койбосо дагы, алардын ай сайын салып турган акчасы менен Кыргызстандын эли той-топурду үзгүлтүккө учуратпай өткөрүп, курсагы ток жашап жатты эле.


Бирок, өткөн жылдын башынан тарта ааламды каптаган коронавирус пандемиясы Кыргызстанга да жетип, анын айынан чет жактарда жүргөн мигрант мекендештерибиздин басымдуу бөлүгү кайтып келүүгө аргасыз болгон. Себеби, ал өлкөлөрдө да пандемиянын айынан ишканалар жабылып, жумушсуздук күч алган. Натыйжада заматта кыргызстандыктардын капчыгы «шамалдай» түштү. Ай сайын келип туруучу акча каражаттары жок, анын үстүнө Кыргызстандагы туугандары да жумушсуз калгандыктан жашоо-тиричиликти өткөрүү кыйла оорлоду. Эми ошол мигрант мекендештерибиз кайрадан Россияга барып, көнүп калган жумуштарын аткаруу үчүн кетели дешсе, Бишкек-Москва авиакаттамы үчүн билеттин баалары асман чапчып отурат. Эгерде билетти бир ай мурун алсаң, арзан дегенде 40 миң сомго табасың. Эртерээк кетишиң керек болсо, анда 60-70 миң сомду чапчып отурат. Ал эми Москвадан Бишкекке авиабилеттин баасы 15 миң сом.


Бул көйгөй интернеттеги социалдык түйүндөрдө айтылып, жазылып келатканына көп эле болуп калды. Бирок, эмнегедир ага кыргыз өкмөтү тарабынан кымынчалык да көңүл буруу болбой жатат. Эмнеге? Ошол мигранттардын акчасы менен Кыргызстандын экономикасы аздыр-көптүр кармалып турганын эске алганда, кыргыз өкмөтү авиабилеттин баасын көзөмөлгө алып койсо болот беле? Жумуш орундарын түзө албагандан кийин, жок дегенде жумушту өздөрү таап жаткан мекендештерибиздин Москвага жетип алуусун дурус уюштуруп берүү да колдон келбейби? Же авиабилеттин баасынын асман чапчып жатканына өкмөт өзү да кызыкдарбы?


Ошол эле убакта өлкө ичинде азык-түлүктүн баасы күн санап көтөрүлүүдө. Кумшекер, күрүч, ун, суу май, эт сыяктуу азыктардын баалары кыйла көтөрүлдү. Ал эми күйүүчү майдын баасы кыска убакыт ичинде 30 сомдон орточо 41-42 сомго көтөрүлдү. Эми дагы 8 сомго кымбатташы мүмкүн экени айтылууда. Ошондо бензиндин бир литри 50 сомго чыгат. Ал эми бензиндин баасы канчалык көтөрүлгөн сайын, азык-түлүктүн баасы да көтөрүлө турганы түшүнүктүү. Демек, бензин 50 сомго чыкса, анда азык-түлүк дагы кымбаттайт. Азыркы учурда эле эт сатып ала албай калган карапайым элдин абалы ошондо эмне болот?


Бул маселелерди чечүүнү кыргыз өкмөтү качан колго алат? Же кымбатчылык каарын чачып жатканынан биздин чиновниктердин кабары жокпу?


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Шайлоодо кимге ишеним бердин ошого айт.