Бугу 03, 2024
Убакыт: 08:36
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Кымбатчылык. Пандемия. Чек арадагы жаңжал. Өкмөттүн аракети кана?

29.04.2021 12:05
1128
Кымбатчылык. Пандемия. Чек арадагы жаңжал. Өкмөттүн аракети кана?


Өлкөбүз туш-тараптан көйгөйлөр менен курчалып калды. Бир жагынан азык-түлүктүн баасы асман чапчып баратат. Күнүмдүк тамак-ашка өтө зарыл болгон суу май, эт, картошка, күрүч, кумшекер, деги койчу бардык эле азык-түлүктүн баасы алды эки эсеге, арты 20-30%га кымбаттады. Күйүүчү-майлоочу майлардын баасы да 70-80% көтөрүлдү. Өткөн жылдын аяк ченинде эле 34 сом болуп турган АИ-92 бензининин баасы учурда 48 сом 50 тыйын болуп турат. Арзыбаган айлыгына, пенсиясына күн көрүп жаткан карапайым адамдардын жашоосу оорлошту. Беш-алты айдан бери эт жебей калган үй-бүлөлөр бар.


Ошол эле убакта дүйнө мамлекеттерин каптаган коронавирус пандемиясы Кыргызстанда да кооптуу болуп турат. Күнүнө 300дүн тегерегинде жаңы оору жугузуп алгандар катталууда. Каза болгондор да күнү кур болбой жатат. Ооруканаларда орундар толуп калганы айтылууда.


Үчүнчү тараптан Баткен облусундагы Тажикстан менен чектеш аймактагы чек ара чыры кооптонтуп турат. Өзүбүздүн жерде өзүбүз жарандар коңшулардан сактанып, коргонуп жашоого аргасыз болууда. Кече 28-апрелде аталган облустун облусундагы Ак-Сай айыл аймагындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайда эки өлкө жарандарынын ортосунда чыр чыкты. Тажик тарап Кыргызстандын аймагындагы электр мамыларына видеокамераларды орнотуп баштаганынан улам чыккан чыр бүгүн да уланып жатканы белгилүү. Коңшу өлкө тараптан ок атылганын да маалымат каражаттары жазып чыкты. Эки өлкөнүн жарандары бири-бирине таш ыргытты. Айтор, чек арадагы абал чатак болуп турат.


Мына ушул маселелердин баарына бийлик өкүлдөрү, кыргыз өкмөтү тиешелүү деңгээлде чараларды көрүшү керек эле. Эмнегедир андай аракеттер байкалбайт. Мисалы, арааны ачылып турган кымбатчылыкты ооздуктоо багытында өкмөт кандай пландарды түздү, кандай программалары бар? Азык-түлүктүн баасын арзандатуу үчүн кандай кадамдарды жасап жатат? Эгерде азык-түлүктүн баасы дүйнө мамлекеттеринде кымбаттап жатат деген жүйөө келтирсек, анда ошого жараша айлык акы, пенсия, социалдык төлөмдөр эмнеге көбөйбөйт?


Пандемиянын оор соккусу учурда калкы жыш жайгашкан Индияда күч алып турат. Өтө көп сандагы адам өлүмдөрү катталууда. Ошондой абал Кыргызстанда кайталанбашы үчүн бийликтин кандай планы бар? Же өткөн жылдагыдай «Мынча адам жаңы жуктурду, дагы мынча адам каза тапты» деген статистиканы айтып отура беребизби?


Баткендеги чек ара жаңжалы тууралуу эмнеге жогорку бийлик өкүлдөрү үн катпайт? Эмнеге жок дегенде премьер-министр, Жогорку Кеңештин спикери, депутаттары маселени жеринде көрүп коюшпайт? Же «болуп келген жаңжал боло берет да» деген кайдыгер мамиле улана береби?


Азыр президент Садыр Жапаровго элдин ишеними дагы деле бар. Дагы деле президенттен чукул өзгөрүүлөрдү, жаңыча реформаларды күтүп турат. Ошол ишенимди бийлик жоготуп албашы маанилүү. Элдин үмүтүн өчүрбөшү керек. Ишеним жоголсо, үмүт өчөт. Үмүт өчсө, бийликтин басмайылы бошойт. Андайга жеткирбей, ушул айтылган үч негизги маселеге бийлик тарабынан оперативдүү аракеттер жасалышын азыр эл күтүп турат.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Кумаркана ачыш менен колдору бошобой атат.Мариповду головной тажиктерге откон дегени учун камаш керек еле