Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 20:10
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Кымбатчылык аз камсыз үй-бүлөлөр жана пенсионерлерге оор сокку болууда, - Аскарова

26.03.2021 09:24
1710
Кымбатчылык аз камсыз үй-бүлөлөр жана пенсионерлерге оор сокку болууда, - Аскарова


Кечээ, 25-мартта депутат Айнура Аскарова азык-түлүктүн кымбатташы калкка оорчулук туудуруп жатканын белгиледи, деп маалымдады ЖК басма сөз кызматы.


“Айрыкча аз камсыз үй-бүлөлөр жана пенсионерлер үчүн оор сокку болууда. Өкмөт тиешелүү чаралары кабыл алышы керек, - деди ал.


Ушул эле маселеге депутат Айнура Осмонова токтолуп: "Бизде тамак ашка керектүү май чыгарган бир эле ишкана бар. Алардын бардык документтери камсыздалган. Бирок иштебей келет. Андыктан, импортко карата көз карандылыкты азайтып, май чыгарган ишкананы Өкмөт колдоого алышы зарыл", - деп кошумчалады.


Ал эми депутат Тазабек Икрамов коронавирус илдетине каршы эмдөө тууралуу калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин белгилеп: "Каяктан келип жатат, алар коопсузбу? - деген суроолор көп болууда. Андыктан, парламентке да так маалымат берүү маанилүү",- деди.

 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Самара
Айнура Аскарованын айткандары туура. Иштебегендер биртке жолок пулду карап олтурушат. Жок дегенде жолок пулдун акчасы кобуроок болсо билинбейт эле кымбатчылык.