Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 15:44
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кымбатчылык жашооңузга таасир этип жатабы?

03.03.2021 16:22
3753
Кымбатчылык жашооңузга таасир этип жатабы?


Кыргызстанда акыркы айларда негизги азык-түлүк, курулуш товарлары, унаа тетиктери жана күйүүчү майдын баалары кескин көтөрүлдү. Мисалы, бир литр суу май 160 сомго чейин сатылып, колдонуучулардын нааразы пикирин жаратууда.


Өкмөт бул көйгөйдү чечүүгө аракет көрүп жатканын билдиргени менен азырынча майнап чыга элек. Ал эми эл арасында кымбатчылык жеке жашоого кандай таасир этип жатат болду экен? Мына ушундай суроо менен “Медиа центр” мультимедиалык маалымат агенттиги айрым инсандарга кайрылып көрдү.


Нурзат Токтосунова, теле алып баруучу: 

Ооба, бүт нерсе кымбаттап жатат. Бардыгыбыздын жашообузга таасирин тийгизүүдө. Тамак-аштардын айрым түрлөрүнүн 10 эсеге чейин кымбаттап кетиши жакшы көрүнүш эмес. Күйүүчү-майлоочу майлар да көтөрүлүп жатат, бирок албай коё албайсың да. Себеби, жазында бир жылдык түшүмдү эгүүгө даярдык көрө турган маал. Бардык эле адамдар сыяктуу кымбатчылык менин жашоомо да терс таасирин тийгизип жатат. Кээ бирде эт жебей калган учур болот. Азыр эт жебей калган үй-бүлөлөр мурдагыдан да көбөйдү. Бул чынында оор маселе.


Жеңиш Молдокматов, саясатчы: 

- Кымбатчылык жеке менин эле эмес, 6 млн калктын жашоосуна өтө чоң таасирин тийгизип атат. Күйүүчү майга күнүнө 30-50 тыйындан кошулса, азык-түлүккө 1-1,5 сомго чейин кошулуп жатат. Бул жашоого өтө чоң таасир эте турган көрүнүш. Ушундай маселени чечүүнүн ордуна өкмөт эмне менен алек? Аптимизация деген шылтоо менен өкмөттүн структурасын кыскартууга алып барууда. Бул кыскартуу эмес, башаламандык. Структуралык өзгөрүүлөр жылдын аягына чейин барат, башаламандык улана берет. Башкача айтканда экономикалык эч кандай өзгөрүү болбойт. Жылдын этегине чейин баалар кымбаттагандын үстүндө болот. Ал эми жазгы иштер басаңдайт. Канча деген фермерлер ыйлап отурат. 15 сомдук нанды 20 сомго сатып алып жатышат. Бийлик башындагылар нан, сүт сатып албагандан кийин билбейт да, баласына чактап алып берип жаткан карапайым эл гана сезип жатат. Маселе ушунда. 


Айдоочу, Азамат Кеңешбеков:

- Учурда азык-түлүк же күйүүчү майдын баасы эле көтөрүлгөн жок, кийим-кече, курулуш материалдары, мал, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн баарынын баалары жогорулап кетти. Бул албетте, элдин кыжырын келтирет. Күзүндөгү нааразычылыктар элдин жакшы жашоосу үчүн жасалган да. Бүгүнкү күндө ошол талаптар аткарылса жакшы болмок. Менин оюмча, буга доллардын куну көтөрүлүп жатканы себеп болуп жатат. Бирок алардын барын ирээтке келтирсе болот да. Экономика министрлиги, Антимонополдук кызмат жана башка тиешелүү органдар кайсы жакты карап отурат? Бийлик саясатты коюп, карапайым элдин жашоосун жеңилдетүү чараларын караса болмок.  

Пикирлер (9)

Коопсуздук коду
Бопоева Нурзада
Ооба продукта кымбат тапкан акчабыз продуктабыздан ашпайт карапайым Эл эле кыйналып жатат арзандатса жакшы болмок окмоттон суранаарыбыз
Миргуль Урстонова
Оа, туура азыркы учурда карапайым элди ойлогон эч ким жок. Баары эле озун ойлогон адамдар. Экономика министри башканы коюп биринчи азык-тулуктон баштаса жакшы болмок. Мурун нанды беш сомго сатып жесек, азыр жыйырма сомго сатып алабыз. Эт жебей деле калдык, болгону тооктун эттерин жейсин.
Ооба аябай кымбат
Ооба аябай кымбат карызга да баттык аябай
Таа
Жыргап атабыз