Бугу 09, 2024
Убакыт: 14:52
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кымбатчылыкка өкмөт чара көрөбү?

31.03.2021 12:06
783
Кымбатчылыкка өкмөт чара көрөбү?


Премьер-министр Улукбек Марипов ушул кызматка талапкерлиги парламентте талкууланып жатканда, «5600 сом менен Кыргызстанда жашаса болот» деген пикирин айтып, коомчулуктун азыраак тепкисинде калды эле. Ырас, ал бул сумманы өлкөбүздөгү күнүмдүк тиричиликке жумшалчу каражаттын бир айлык минимуму менен айтканы түшүнүктүү. Ал суммага бир айда ашып кетсе эки жолу эт кошулган тамак жеп, калган күндөрү картөшкө кууруп, же макарон демдеп (ошону да үнөмдөп) жеп турса болот. Бирок, бул бир гана киши үчүн. Ал эми ал кишинин бала-чакасы, аялы бар экенин эске алганда, 5600 сомду карандай чай жана нанга гана эптеп жеткирүүгө мүмкүн. Кийим-кече, балдардын мектепке керектүү дептер, калемсаптары тууралуу сөз кылбай деле койсок болот. Оорудан алыс бололу, бирок кокус зарылдык болуп калса, дарылардын баасы да карапайым жарандын чөнтөгү үчүн ашкере оорчулук келтирет. Электр энергиясы, коммуналдык төлөмдөр үчүн чыгымдар деле кыш мезгилинде 5600 сомдон ашып кетет. Андыктан жашоо-тиричиликке сарпталчу минимумду кайрадан карап чыгуу өтө маанилүү.


Экинчиден, бүгүнкү өкмөттүн иштеп жатканына эки айдын жүзү болду. Ошол эки айдын ичинде азык-түлүктүн баасы дагы кымбаттады. Бензиндин баасы күнүгө эле көтөрүлүп жатат. Эми электр энергиясынын тарифин да көтөрүү керек деген аракет жасалып жатканы билинди. Ошондо кыргыз өкмөтү карапайым кыргызстандыктардын жашоосун жеңилдетүү максатын койбой эле, тескерисинче дагы бир татаалдантуу аракетинде болуп жатабы деген күдүк ой жаралат.


Кымбатчылык кекиртектен ала баштагандан бери ансыз да өп-чап турмуш кечирип жаткан көптөгөн кыргызстандыктар эт жебей калышты. Мурда тапкандары азык-түлүк сатып алгандан кийин да шарты бар батирлерде жашоосуна мүмкүнчүлүк берип келгендер, шарты жок арзан батирлерге көчүүгө аргасыз боло башташты. Алтургай айрым пенсионерлер, же катардагы эле жарандар өздөрүнүн үйүндөг жаңыраак кийимдерин азык-түлүктөргө айырбаштоого өтүштү. Интернеттеги социалдык түйүндөрдө «Аялдардын кийимдерин азык-түлүккө айырбаштайм» деп, анан кандай кийимдер экенин, канча баада саткысы келип жатканын, азык-түлүктүн бардык түрүндө алмаштыра беришээрин жазып жаткандар бар.


Айтор, кымбатчылыктын каары карапайым элдин жашоосун бир топ оорлоштуруп салды. Эгерде кыргыз өкмөтү буга тиешелүү деңгээлде чара көрбөсө, анда кымбатчылыктын таасири улам барган сайын калктын жашоосуна улам тереңден таасирин тийгизе баштаары түшүнүктүү болуп турат.


Финансы министрлигин басма сөз катчысы Нурила Батыралиева маалымат каражаттарынын бирине бул жаатта "Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна 290,3 млн сом, аны менен чогуу "Азык-түлүк" программасы боюнча чыгашаларга 220 млн сом каралган. Кумшекер менен өсүмдүк майынын запасын толтуруу үчүн 318,4 млн сом бөлүндү. Ошондой эле Финансы министрлиги күнүмдүк керектелүүчү товарларды кымбаттатпай, баасын турукташтыруу максатында бир катар ишкерлер жана соода түйүндөрүнүн жетекчилери менен жолугушкан. Негизги деп саналган азык-түлүктүн: өсүмдүк майы, 1-сорттогу ун, кумшекер жана нандын баасын туруктуу кармоо үчүн "Народный" ("Глобус") жана "Фрунзе" соода үйлөрүнүн жетекчилери, дүң сатуучулар менен макулдашуу түзүлдү. Макулдашуу 1-июнга чейин күчүндө болот", - деп билдирди.


Бирок, тилекке каршы мындай аракеттер деле азык-түлүктүн баасынын кымбаттабай турушуна таасирин тийгизе албай жатат. Тактап айтсак, кымбаттаган азык-түлүктөрдүн баасы арзандаган жок. Мурда кумшекердин баасы 35-40 сом болсо, азыр 70 сом, 1 литр өсүмдүк майы 80 сом болуп келсе, азыр 160 сом абалында турат. Эттин баасы 450 сомдун тегерегинде. Ун өтө кымбаттабаганы менен, ал деле мүшөгү 2000 сомду чапчып барып калды. Учурдагы өкмөт жаңыдан ишке киришкенде бензиндин баасы 35-36 сом болсо, азыр 46 сомдон жогору болуп турат.


Демек, бардык азык-түлүктөр жана товарлардын баасы көтөрүлүп жаткандан кийин жашоо-тиричиликке сарпталчу каражаттын минимуму да көтөрүлүшү керек беле? Пенсия, айлык акылар, жөлөк пулдар да азык-түлүктүн баасындай көтөрүлө алабы? Бул багытта кыргыз өкмөтү али унчуга элек. Же сөзсүз эле ачка калган адамдардын нааразычылык митингдери жасалышы керекпи?


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн