Кулжа 02, 2024
Убакыт: 01:57
USD
87.60
88.50
EUR
94.60
95.60
RUB
0.960
0.980

Кимде ким парламентти жактырбаса кетип эле калсын, - Дастан Жумабеков

14.05.2020 14:44
1664
Кимде ким парламентти жактырбаса кетип эле калсын, - Дастан Жумабеков


Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйындар залында төрага Дастан Жумабековдун отурумду алып барып жаткан аракетине ичи чыкпаган депутаттар Кенжебек Бокоев менен Максат Сабиров ага нааразычылык билдирди.


Бокоев парламенттен ким кетет, ким кетпейт, аны төрага эмес, эл чечет деген пикирин айтты. 


Эл шайласа келебиз, алдагы жерде алып баруучусуз, бир аз ылдый түшүңүз, өзүңүздү элестетпейт. Мен жөн гана кызмат адам катары айттым, кош стандарттуулукка жол бербей, төрага катары оңдоп-түзөп койгула дедим. Төрага катары чара көрүп, регламенттин бузулушуна жол бербешиңиз керектигин айттым. Мисалы, бир мыйзам улам-улам кирет, бир мыйзам 3 жылдап кире албай турат. “Парламент жакпаса кетип кал” деп айтканга укугуңуз жок, аны сиз чечпейсиз. Мага акыл үйрөтпөй, өзүңөрдү карап алгыла”, - деп билдирди депутат.


Төрага ага жооп кайтарып, "Сиздин дерегиңизге эч нерсе деп айткан жокмун, өзүңүзгө кабыл алсаңыз ал өз эркиңиз. Ылдый түш, өйдө чык деп жеке дарегиме сөз айтсаңыз болот экен да, мен сизге карата айтсам болбойт бекен? Сиз да этияттап сүйлөңүз мен жерде эле басып жүрөм”, - деди төрага.


Ошондой эле Максат Сабиров Дастан Жумабеков менен 10 жылдан бери депутат катары иштешип келе жатканын айтып, сыйлап келгенин билдирди.


Сиз алдагы жерде модераторсуз калыс алып барууңуз керек. Спикер катары калыстык менен карап, регламентти  сыйлап, депутаттарды татыктуу башкарсын деп шайлаганбыз. Кет деп айтканга укугуңуз жок”, - деди Сабиров.


"Катуу айтсам, сөзүмдү артка алам, бирок билип билбей туруп сүйлөбөңүз, кимде ким парламентти жактырбаса кетип эле калсын деген ойду айттым, бирок эч кимдин атын атаган эмесмин. Менин да айтканга укугум бар", - деп билдирди Жумабеков.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн