Бугу 09, 2024
Убакыт: 01:50
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кимдер милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруудан өтүшү керек?

25.02.2023 12:30
344
Кимдер милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруудан өтүшү керек?

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Мирланбек Шабданов кимдер медициналык камсыздандыруу полисин кимдер милдеттүү түрдө алышы керек экендиги тууралуу айтып берди.


Анын айтымында, жарандардын төмөнку категориясы ММК полисин милдеттүү түрдө сатып алууга тийиш:


- 18 жаштан жогору иштебеген жарандар (иш менен камсыз кылуу кызматында катталбаган жумушсуздар, үй кожойкелери);


- күндүзгү-сырттан (кечки) жана сырттан (дистанттык) окуу формаларынын, ошондой эле 21 жаштан жогорку күндүзгү окуу формаларынын студенттери;


- аларга карата милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөр келип түшпөгөн жеке уюмдарда, ишканаларда, базарларда иштегендер (тигүүчүлөр, куруучулар, такси/ маршруткалардын айдоочулары, базарлардын соодагерлери ж. б.)


- Кыргызстандын аймагында убактылуу жүргөн же туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле республиканын билим берүү уюмдарында окуп жаткан чет өлкөлүк жактар.


Белгилей кетсек, 2023-жылдын 22-февралында Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасындагы жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамы үчүнчү окууда кабыл алынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн