Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:16
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кимисинин кызматы жогору: Министрлер кабинетинин төрагасы же Президенттин Администрация башчысы?

19.05.2021 10:37
1815
Кимисинин кызматы жогору: Министрлер кабинетинин төрагасы же Президенттин Администрация башчысы?


Жаңы кабыл алынган Конституция боюнча президенттин Администрация башчысы кызматы дагы министрлер кабинетинин төрагасына таандык болушу керек эле. Демек, Улукбек Марипов министрлер кабинетинин төрагасы дагы, ошол эле убакта президенттин Администрация башчысы кызматын кошо аркаламак. 


Бирок, бүгүнкү күндө президенттин Администрация башчысы кызматында Сүйүнбек Касмамбетов иштеп жатат. Кече 18-майда мамлекет башчысынын жарлыгы менен өзүнүн администрациясы түзүлүп, бир катар жаңы кызматтык дайындоолор орун алды. Эми коомчулукта ачык суроо пайда болду, министрлер кабинетинин төрагасынын кызматтык рангасы жогору турабы, же президенттин Администрация башчысынынбы? Кимиси кимисинин башкаруусунда иш алып барат? 


Президенттик администрацияда эми тышкы байланышка тышкы саясат бөлүмү жана тышкы кызматташтык бөлүмү жооп берет. Жобого ылайык, тышкы саясат бөлүмү Кыргызстандын тышкы саясий курсун түзүү боюнча сунуштарды даярдайт. Ал эми министрлер кабинетиндеги тышкы кызматташтык бөлүмү эл аралык мамилелердеги кырдаалды иликтейт, маселелерди аныктайт, тышкы саясий маселелер боюнча сунуштарды даярдайт. Ошондо бул эки бөлүмдүн функционалдык милдеттеринин айырмасы кандай болуп калат?  


Инспектордук-контролдук иштер бөлүмү президенттин мамлекеттик башкаруунун сапатына мониторинг жана баа берүү, ошондой эле мамлекеттик кызматтын жана кадрдык иштердин бүтүндүгүн жакшыртуу ишмердүүлүгүн камсыздайт. 


Ал эми уюштуруучулук-инспектордук иштер жана региондор менен карым-катыш бөлүмү облустардагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппаратынын уюштуруучулук-инспектордук иштер жана жергиликтүү өзүн-өзү башкарууну өнүктүрүү ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт. 


Ошентип бул эки бөлүмдүн да функционалдык милдеттери бири-бирине жакын болуп калууда. 

Ал эми редакциялоо жана актыларды которуу бөлүмү менен актыларды чыгаруу бөлүмүнүн функциялары так бөлүштүрүлгөн. Бир бөлүм редакциялайт, экинчиси чыгарат.  


Дагы бир кызык жагдай, министрлер кабинети президенттин Администрациясынын структуралык бөлүгү (подразделение) болуп саналат. Демек, ошондо министрлер кабинетинин төрагасы президенттин Администрация башчысына түздөн-түз баш ийүүчү болуп калабы?


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн