Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 02:32
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кинобу, кыйнообу?

26.10.2021 21:50
1484
Кинобу, кыйнообу?


Азыр көчөдөгү жарнактарда "Кайненемден кантип кутулам?" деген фильмдин жарнамасы жайнап турат.


Темасы айтып тургандай үй бүлөдөгү ич ара мамиленин гротеск түрүндөгү жармач тамаша баяны болуш керек.


Буга чейин "Бажалар" беле, "Бажарик" беле, айтор дагы бир демени чыгарышкан. Андан мурда "Шаардык келин Шарапат" сыяктуу ...кыргыз турмушуна байланышкан (майланышкан),  көргөндүн көөнүн айныткан нерселер ( фильм дегенге ооз барбайт) болгон.


Обу жок ыржактаган, атыккан эле актерлор далактап, ашыра ойногон, элди күлдүрүш үчүн осол тамашаларды кошкон, көчө жаргонун кенен колдонгон, режиссердук, оператордук билими жок эле "болжоп соккондордун" колунан чыккан, божомол жөрөмөлдөр  кинотеатрларда коюлуп, жумалап эмес, айлап жылдап "тегеретилип" келди.


Булардын көздөгөнү элди духовный жактан агартып-көгөртүү эмес, акча таап алуу экени түшүнүктүү дечи, ошентсе да...Кудайды караш керек го дейм! Элге канчага чейин сасык жумуртка ичире беришет? Ушул кинолордон ким рухий азык алат? Акылына эмне деген акыл кошулат? 


Уялышса боло!!!


Элди ушунча пас ойлошобу? ДЖером Девид Селинджер "  мыкты чыгарманы окугандан кийин авторуна телефон чалып, рахмат айткың келет" демекчи ,мындай "пошлый" иштерди көргөндөн кийин авторун  ашата сөккүң келет.


Ой, бизде "Бакайдын жайыты","Караш-Караш окуясы", "Ак кеме," "Курманжан датка" болгон да!


Ошондон кийин кантип...кыргыз кереметин ылайга чаап жатасыңар?


Айрыкча үй бүлө маселесине калганда ашепке осолдук кетип жатат. Азыр ансыз да кылтылдап турган үй бүлө институтун ого бетер солкулдатып, ар кандай жагдайды өтө жеңил ойлуулук менен көрсөтүп жатасыңар. Кино өтө таасирдүү каражат! Кино аркылуу ошондой олу ттуу маселелер оюн зоок катары өйдө-төмөн калчанса элге  эмне пайда бермекчи?


Бул жагдайда орустардын "Возвращение" деген фильминен , америкалыктардын Звезды на земле" сыяктуу фильмдеринен үлгү алсак болоор эле. Аттиң, бизде азыр элге табитин айнытып, тартибин буза турган арзыбаган оокат берилип жатканы.


Сүйүн Курманова, журналист 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн