Бугу 11, 2024
Убакыт: 19:05
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кинотеатрлар 1-декабрдан тарта иштей баштайт

25.11.2020 15:24
774
Кинотеатрлар 1-декабрдан тарта иштей баштайт

 1-декабрдан тарта Бишкектеги кинотеатрлардын жана фудкорттордун ишин жандандыруу пландалууда. Бул тууралуу коронавирус боюнча түзүлгөн республикалык штаб кабарлады.


Шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин айтымында, бардык санитардык талаптарды эске алуу менен 1-декабрдан тарта кинотеатрлардын жана фудкорттордун ишин жандандыруу пландаштырылууда.

Ошондой эле, супермаркеттерге мурдагыдай күнү-түнү иштөөгө уруксат берүү пландаштырылууда. Учурда тойкан жана ресторандар үчүн алгоритмди иштеп чыгуу аяктап жатат. 


Эске салсак, экономикалык иш-аракеттерди жандандыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2020-жылдын 1-декабрынан тартып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ишенип берилген аймактарда иш-аракеттердин ар кандай түрлөрүнө керектүү санитардык-эпидемиологиялык жана башка эрежелерди сактоо менен уруксат берүү ыйгарым укуктарын берүүнү сунуш кылган.


"Ошол эле учурда, сөзсүз түрдө төмөнкүлөр сакталууга тийиш: беткап режими, социалдык аралык жана башка санитардык-эпидемиологиялык эрежелер. Тиешелүү мамлекеттик органдар оорунун таралуу деңгээлине жана медициналык мекемелердеги  оорчулук деңгээлине ылайык, жер-жерлерде эпидемиологиялык кырдаалдын коопсуздугун көзөмөлдөө үчүн тиешелүү алгоритмдерди иштеп чыгышат. Республикалык  Штаб COVID-19 боюнча аймактардагы кырдаалды көзөмөлдөп турат ", - деп билдирди вице-премьер-министр Э.Сурабалдиева.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн