Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 05:58
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кыпчылып калган: Кочкордогу жол кырсык эки адамдын өмүрүн алды

01.10.2020 11:18
1471
Кыпчылып калган: Кочкордогу жол кырсык эки адамдын өмүрүн алды

Нарын облусунун Кочкор районунда жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, 30-сентябрь күнү саат 16:00дө Нарын облусунун Кочкор районунда БишкекНарынТоругарт унаа жолунун 209-чакырымында (Сары-Чат тилкеси) оор жүк ташуучу “ГАЗ-53” унаасы менен “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын ичинде 60 жаштагы эркек киши жана 56 жаштагы аял киши кыпчылып калган. Куткаруучулар аталган жарандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жабыркагандар Кочкор райондук ооруканасына жетпей жолдо каза болушкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн