Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 12:28
USD
84.10
84.60
EUR
93.40
94.40
RUB
0.890
0.930

Кирбей жатып чыгарылды. Текебаевге кол салган депутат Антикоррупциялык ишкердик кеңешинен четтетилди

09.12.2021 18:02
817
Кирбей жатып чыгарылды. Текебаевге кол салган депутат Антикоррупциялык ишкердик кеңешинен четтетилди

Өмүрбек Текебаевге кол салууда аты аралашкан Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев Президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин мүчөлүгүнөн чыгарылды. Бул тууралуу «Маралга» Антикоррупциялык ишкерлер кеңешинен кабарлашты.


Маалыматка караганда, Кайрат Чокеев 21-октябрда Антикоррупциялык кеңештин Чүй районундагы аймактык өкүлдөрүнүн коомдук башталыштагы мүчөсү болгон жана облустук өкүл болуп дайындалган.


«Кайрат Чокеевдин «Ата-Мекен» партиясынын лидерине кол салганы тууралуу массалык маалымат каражаттарында, ошондой эле социалдык тармактарда жарыяланган материалдарга таянып, Президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин статусуна туура келбеген аракеттери жана жоруктары үчүн кеңештин Чүй облусу боюнча аймактык өкүлдөрүнүн тизмесинен чыгарылды», — деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн