Бугу 12, 2024
Убакыт: 19:46
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кырдаал жакшы жакка өзгөрсө окуучулар реалдуу режимде мектепке келет, - Министрлик

20.07.2020 16:18
1671
Кырдаал жакшы жакка өзгөрсө окуучулар реалдуу режимде мектепке келет, - Министрлик


Билим берүү жана илим министрлиги 2020-2021-окуу жылына карата даярдыктарды бекитилген Антикризистик планга ылайык жүргүзүүдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Алардын маалыматы боюнча, түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жаңы окуу жылынын биринчи чейректеги окуу процессин аралыктан уюштуруу үчүн даярдыктар көрүлүп жатат.


Эгер айрым аймактарда коронавирус илдетинин жайылышы кооптуу эмес деген санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын чечими чыкса, анда ал региондогу мектептерде окуу процесси дагы өзүнчө каралат.


“Ошондуктан Билим берүү жана илим министрлиги мектеп мугалимдерин, окуучуларды ата-энелерди азыртан дистанттык билим берүү процессине даярдана берүүсүн максатка ылайыктуу деп эсептейт. Кырдаал жакшы жагына өзгөрүүсү менен окуучулар мектепке реалдуу режимде окууга келишет”, - деп белгилейт министрлик.

 

Учурда практик-педагогдордон, эксперттерден, билим берүү жаатындагы менеджерлерден турган эксперттик-консультативдик кеңеш иштеп жатат. Кеңештин корутундусу менен башка өлкөлөрдүн жана Кыргызстандын тажрыйбасы изилденип, талданып, окуучулардын жаш өзгөчөлүгүн, балдардын жана педагогдордун коопсуздугун приоритет катары койгон варианттагы чечимдер кабыл алынат.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Матмырзаева
Мен кандай болгон кундо да жаштар келечегибиз. Алардын Ден соолугу сак чоноюш керек. Биздин милдет келечектеги жаштарыбызга тарбиябыз кучтуу болсун дейм Билимди кана окуй алган окуучулар мекенге озубузго келечекке керек Шартка карата ата эне катары билим алыша беришет деп ишенем Иш алып барып жаткан билим жаатындагыларга да Ден соолук иштерине ийгилик