Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кырдаалдын начарлашына жол берген облус башчыларынын тартип жоопкерчилигин кароо сунушталды

19.06.2020 21:45
542
Кырдаалдын начарлашына жол берген облус башчыларынын тартип жоопкерчилигин кароо сунушталды


Саламаттыкты сактоо министрлигинин, ишке тартылган мамлекеттик органдардын, Бишкек жана Ош шаардык мэрлеринин, Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча иштери жетишсиз деп табылды.

Мындай чечим бүгүн, 19-июнда президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда чакан курамда өткөн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Ал эми премьер-министр Кубатбек Бороновго эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына жол бергендиги үчүн Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тартип жоопкерчилигин кароо сунушталды.

Ошону менен бирге коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алууга багытталган бардык иш-чараларды толук каржылоону камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди.

 

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн