Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кырдаалдын начарлашынан улам чек арадан өтүү тартиби кайра каралат

24.06.2020 14:49
1370
Кырдаалдын начарлашынан улам чек арадан өтүү тартиби кайра каралат


Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков Транспорт жана жолдор министрлигине жүк ташуучулардын арызы боюнча оор салмак өлчөөчү комплекстин ишинин үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылууну тапшырды.

Баатырбеков бүгүн, 24-июнда «Актилек автожол» көзөмөл-өткөрүү жайынын ишин, жүк ташуучулардан вирустун бар же жогун аныктоо үчүн иштелип чыккан алгоритмдин аткарылышын жеринен текшерүү учурунда Мамлекеттик салык кызматына мобилдик топтордун актыларынын бирдиктүү типтүү формасын тез арада иштеп чыгууну, ал эми Саламаттык сактоо министрлигине эпидемилогиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу чек арадан өтүүнүн алгоритмин кайрадан карап чыгуу тапшырмасын берди. 

Мындан тышкары экономикалык абалды эске алуу менен чек арадагы көзөмөл-өткөрүү жайларынан өтүүнүн жол-жобосун жеңилдетүү боюнча чараларды сунуш кылууну тапшырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн