Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:44
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кырдаалга байланыштуу Ош шаарында кошумча чектөөлөр киргизилди

04.07.2020 12:07
1233
Кырдаалга байланыштуу Ош шаарында кошумча чектөөлөр киргизилди



Бүгүн, 4-июлда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги М.Боронов башкармалыктын бөлүмдөрү менен кызматтарынын жетекчилеринин катышуусу менен жыйын өткөрүп, өздүк курамга жеке коопсуздук чараларын көрүүнү каттуу эскертти. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.


Ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын токтомуна ылайык, бүгүндөн баштап иштөөсүнө чектөө киргизилген тармактар тууралуу айтып өттү. Өздүк курамга Ош шаарынын мэриясынын учурдагы эпидемиялык кырдаалга байланыштуу жарык көргөн токтомун аткаруу үчүн тиешелүү тапшырмаларды койду.



«Токтомго ылайык, бүгүнкү кырдаалга байланыштуу бир топ тармактардын иштөө тартиби кыскарылат, чектөөлөр болот. Ар бир милиция кызматкерлери ал тармактарда иштеген жарандарга сылык мамиле жасоо менен түшүндүрүп айтууну тапшырамын. Ал эми кимде ким коопсуздук үчүн коюлган бул чектөөлөрдү аткарбаса, мыйзам чегинде чара көрүлөт», - деди шаардык милиция башчысы.



Башкармалыктын кызматкерлери тиешелүү тапшырмаларды аткаруу үчүн бөлүнгөн аймактарга чыгып кетишти. Ар бир кызматкер профилактикалык иш-чараларды өткөрүшөт. Бүгүндөн баштап балдар атракциондору, балдар аянтчалары, бильярд залдары, интернет клубдары, караоке, түнкү клубадар, бассейндер азырынча белгисиз мөөнөткө чейин иштебейт.



Мечиттерде жума намазы окулбайт, коомдук тамактануучу жайларда массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Той, банкет, маараке сыяктуу иш-чараларга каттуу тыюу салынат. Жарандар коомдук тамактануучу жайларга таңкы, түшкү жана кечки тамактануу үчүн гана баруусуна мүмкүн. Милиция органдары башка ведомство өкүлдөрү менен биргеликте рейддерди өткөрүп турушмакчы.

 

Аталган чектөөлөр жарандардын коопсуздугу үчүн болуп жаткандыгын эске алып, Ош шаарынын ар бир тургунунан коюлган чектөөлөрдү сактап, мамлекеттик органдарга жардам көрсөтүүлөрүн суранат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн