Бугу 21, 2024
Убакыт: 07:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фонду түзүлөт

10.10.2022 20:16
321
Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фонду түзүлөт

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында министрлер кабинети менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору каралып, колдоо тапты.


Аталган маселе боюнча экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов маалымат берди.


Бул макулдашуунун долбоорунун негизинде Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда уставдык капиталы 25 миллион АКШ долларын түзгөн биргелешкен эки тараптуу инвестициялык фонд түзүү сунушталууда. 25 миллион АКШ долларын түзгөн уставдык капиталды азербайжан тарап кошот. Уставдык капиталды 50 миллион АКШ долларына чейин көбөйтүү пландалууда. Уюмдун штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашат. Фондду түзүү инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыкты активдештирүү жана кеңейтүү үчүн түрткү болоору белгиленди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн