Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 13:03
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Кыргыз-Кыштактыктар депутат Чолпон Султанбекованын кыргыз телеканалдары тууралуу айтканын тастыктап, кайрылуу жасады (видео)

23.01.2022 18:25
810
Кыргыз-Кыштактыктар депутат Чолпон Султанбекованын кыргыз телеканалдары тууралуу айтканын тастыктап, кайрылуу жасады (видео)

Баткен облусунун Кыргыз-Кыштак айылынын тургундары аталган айылда мобилдик байланыш жана кыргыз телеканалдары чындап көйгөйлүү экендигин билдирип, кайрылуу жасады. Бул тууралуу айлы тургундары "Медиа-центр" мультимедиалык маалымат агенттигине кабарлады.


Айыл тургундарынын айтымында, айылдыктар үйүндө отуруп мобилдик телефон аркылуу байланыша албайт.


"Биз Кыргыз-Кыштак айылынын тургундары  Өзбекстан менен чектеш аймакта турабыз.

Биздин айылда мобилдик байланыш жана кыргыз телеканалдары чындап көйгөйлүү маселе. Муну Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова айтып чыкса, айылдын байланышы бар жерден кайтып кеткен адамдар четке какты. Керек болсо ошолор биздин үйлөргө келсин. Үйдүн ичинен телефон тартпайт. Бул маселе абдан туура көтөрүлдү жана анын чечилишин биз дагы талап кылабыз",- деди айыл тургундары.


Мындан сырткары, аталган айылда каналда суу жок болгондуктан ичүүчү суу көйгөйү да бар экенин кошумчалады.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн