Кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркечтам" көзөмөл өткөрүү пунктту 30-апрелден 5-майга чейин жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кытайда Эмгек күнү майрамдалат, мындан улам чек араны коңшу өлкөнүн демилгеси менен убактылуу жаап туруу чечими кабыл алынган.
Эске салсак, "Эркечтам" көзөмөл-өткөрмө жайы 15-апрелден тарта оор жүк ташыган трансспорттор үчүн ачылган болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн