Бугу 16, 2024
Убакыт: 23:12
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кыргыз-Кытай чек арасынан бир күндө 125 унаа өтүүдө

16.12.2021 12:33
610
Кыргыз-Кытай чек арасынан бир күндө 125 унаа өтүүдө

Кытайдан Кыргызстанга өткөн унаалардын саны күнүнө 125ке жетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков билдирди.


Анын айтымында, Кытайдан келген жүк агымын жогорулатуу боюнча чоң иштер аткарылды.


“Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, министрлер жана губернаторлор чоң жардам берип, тыгыз байланышта иштедик. Ноябрда кыргыз кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” бекеттеринен өлкөгө күнүнө орточо 30дай унаа кирсе, бүгүнкү күндө алардын саны 125ке жетти”, - дейт ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн