Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргыз Конституциясы 27 жашка толду

05.05.2020 10:21
2218
Кыргыз Конституциясы 27 жашка толду


Бүгүн, 5-май – Кыргыз Республикасынын Конституция күнү. Быйыл Баш мыйзамдын кабыл алынганына 27 жыл толуп отурат.


1993-жылы жаңы кабыл алынган Конституция мына ушул 27 жыл ичинде бир топ өзгөртүүлөргө туш болду. Тактап айтканда бийлик алмашкан сайын, жаңы президенттер өз ыңгайына жараша өз билгениндей түзөтүүлөрдү киргизүүгө аракет жасашты.


Баш мыйзам кабыл алынгандан бир жыл өтпөй, 1994-жылы алгачкы оңдоолор киргизилген. Анда эки палаталуу Жогорку Кеңеш (Мыйзам чыгаруучу жана Эл өкүлдөрү) түзүлүп, мамлекет башчынын ыйгарым укуктары кеңейтилип, укуругу узарган.

 

Аскар Акаевдин бийлиги учурунда Конституция беш жолу кошумча-алымчага дуушар болду. Андагы өзгөрүүлөрдүн бардыгы мамлекет башчынын ыйгарым укуктарын күчтөндүрүүгө арналган.




2006-жылы Бакиевдин бийлигине оппозиция болгон депутаттар тобу Баш мыйзамдын жаңы вариантын иштеп чыгып, кабыл алышкан. Бирок бир жылга жетпей, аны 2007-жылдын сентябрь айында Конституциялык сот жокко чыгарып, ошол эле жылдын октябрь айында элдик референдум жолу менен Баш мыйзамдын ошол кездеги президент Курманбек Бакиев сунуш кылган жаңы редакциясы күчүнө кирген.

 




Андан кийинки өзгөртүү 2010-жылга туш келди. Апрель ыңкылабынан соң бийликке келген Убактылуу өкмөт өлкөгө парламенттик башкарууну орнотуу максатында Баш мыйзамды дагы бир ирет калчады.

 

2010-жылдын 27-июнунда чукулунан кабыл алынган Конституция айрым кемчиликтери болгонуна карабай, Кыргызстандын кайра жаралуусуна жана парламенттик башкаруу системасын тандап алууга жол ачты. Бул Конституцияга 2020-жылга чейин өзгөртүү киргизүүгө мораторий жарыяланган. Бирок буга карабай Баш мыйзамга дагы оңдоолор киргизилген. 2016-жылдын 11-декабрында референдум өтүп, анда добуш бергендердин 79,6 пайызы Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдү колдогон.


Эң кызыгы 2016-жылдын 19-октябрында Баш мыйзамдын түп нускасы жоголуп кетти деп коомчулук чуру-чуу түшкөн. Кийин ал президенттин аппаратында сакталып, карандаш, калем сап менен оңдолгон жазуулары бар китепче табылган.

Соңку мезгилде да Конституцияга өзгөртүү киргизүү туралуу демилгелер айтылып келатат. Тактап айтсак Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Кыргызстанда өлкөнү башкаруу системасын аныктоо максатында жалпы элдик добуш берүү керектигин сунуштап жатышат. Ошондой эле быйыл коронавирус илдетине байланышкан кырдаалдан улам күзүндө өтүүчү Жогорку Кеңештин 7-чакырылышын шайлоону жылдыруу керектигин айткандар бар.

Кандай болгон күндө Баш мыйзам Кыргызстандын өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн негизги документ болуусун, жогорку бийлик адамдары, кыргыз жарандары анын маанисин туу тутуп жана сыйлоосун каалайбыз. Бүгүнкү Конституция күнүңүздөр кут болсун!


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн